Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Айзаданын апасы: Тергөөчү "ачуу басар келет, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлдү

Айзаданын апасы: Тергөөчү "ачуу басар келет, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлдү


Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын апасы “Азаттык” үналгысына берген комментарийнде тергөөчү ачуу басар келет, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар деп күлгөнүн айткан. Ошондой эле ал Айзада өзү телефон чалып, таежеси менен байланышканын, анын үнүнөн коркуу байкалганынын, бирок милиция өз убагында реакция кылып кызды таппаганын билдирди.

 

"Сиңдиме чалып, "Бакуля эже, мени Ош тарапка алып кетип жаткан. Бирок кайра Кара-Балтага кайтып келип жатабыз" дептир. Андан кийин өзүм сүйлөштүм. "Мама, баары жакшы. Азыр барам" деди. Аман-эсен келсең болду, башка эч нерсенин кереги жок дедим. Ошондон кийин телефону өчүп калды. Милицияга, тергөөчү Уларбекке чалдык. Эмне болгонун сурап. Иштеп атабыз деген. Уларбек деген тергөөчү "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлдү", - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн