27-жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалып, өлтүрүлүшү боюнча Биринчи Май райондук сотунда кезектеги отурум орун алды.
Айзаданын өлүмү боюнча козголгон иш шектүү Замир Теңизбаев өлгөнүнө байланыштуу жабылган. Ал эми Айзаданы уурдоого шектелгендер боюнча иш тергөөдөн өтүп, сотко жиберилген.
Кызды уурдоого шектүүлөрдүн бири Замирбек Раманкулов күнөөсүн такыр мойнуна алган эмес. Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажикабыл айрым айыптоолорду мойнуна алган. Ал эми Орузбек Нурумбетов күнөөсүн толук мойнуна алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн