Шектүү көз жумганына байланыштуу 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча иш токтотулду. Айзаданын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.
Буга чейин өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаевге адам уурдоо, киши өлтүрүү, зордуктоо боюнча сыртынан айып тагылганы белгилүү болгон.
Нурбек Токтакунов Айзаданын өлүмү боюнча соттук отурум 27-май саат 9:00гө белгиленгенин билдирди. Анын айтымында, ал күнү уурдоого шектелип кармалгандардын соту болот.
Мындан тышкары, УКМК тарабынан айрым милиция кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 331-беренеси ("Шалаакылык") боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн