Виктория Мозгачева Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Буга чейин бул кызматты Айжан Чыныбаева аркалап келген. Мындай маалыматты Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 4-майда Чыныбаева вице-мэр кызматынан кеткенин билдирген. Кетишинин себеби, мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун мамилеси болгон. Анын айтымында, Бактыбек Кудайбергенов сөгүнүп, кыйкырып мамиле жасаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн