Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:35
USD
EUR
RUB

Айжанат Бактыбекова: “Бизге түндүктөн чоң антициклон келатат”

09.12.2023 10:26
1153
Айжанат Бактыбекова: “Бизге түндүктөн чоң антициклон келатат”


Гидрометеорология агенттигинин метеорологиялык божомолдор бөлүмүнүн башкы адиси менен маек.


- Айжанат, ушул жуманын аягында аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу суук болору айтылууда. Адис катары айтсаңыз, мындай өзгөрүүнүн себеби эмнеде?


- Ооба, 9-12-декабрга аба ырайынын өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү берилди. Себеби, бизге түндүктөн чоң антициклон келатат. Ошого байланыштуу аба ырайынын кескин өзгөрүшү, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Кээ бир күндөрү минус 10-15 градуска чейин төмөндөйт. 12-14-декабда абанын температурасы андан ары төмөндөп, Чүй облусунун өрөөндөрүндө минус 15-20 градуска чейин жетиши күтүлүүдө.


- Бул канча убакытка созулушу мүмкүн?


- Биз прогнозду бир жумага беребиз. Анан калганы күн сайын бирден күн кошулуп билинет.


- Быйыл күз өзгөчө жылуу келбедиби, мунун себеби эмнеде?


- “Воздушная масса” деп коёбуз, ошол бизге түштүк тараптан келип атты. Негизи, ноябрь айында батыш же түндүк-батыш тараптан келчү. Быйыл түштүк тараптан келди. Күз жылуу болгону ошонун таасири.


- Биздин байлыгыбыз мөңгү, суу эмеспи. Бирок, мына декабрь ортолоп баратса да, бир жолу да кар жаай элек. Бул жагынан эмне айта аласыз?


- Аба ырайынын төмөндөшүнө байланыштуу 9-декабрда кар жаашын күтүп атабыз.


- Анда жаңы жылды кар менен тосот турбайбызбы, буюрса?


- Азырынча биз 12-декабрга чейинки прогнозду бере алабыз. Анан кийинкисин акырындан дагы көрөбүз. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн