Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 21:07
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн кайсы учурда 50 тыйындан төлөйт?

30.11.2021 16:51
711
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр  электр энергиясы үчүн кайсы учурда 50 тыйындан төлөйт?

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн 1-январдан тартып 50 тыйындан төлөйт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


"Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр кубаты үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта 50 тыйындан төлөйт. Эгерде керектөө 700 кВт/сааттан ашса тариф 2,16 сом/кВтстын деңгээлинде сакталат",- деп айтылат маалыматта.


Мындан сырткары, учурда Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы боюнча Отун- энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги буга чейин бекитилген орто мөөнөттү тарифтик саясатына өзгөртүү киргизүү багытында иш жүргүзүүдө. Документ даяр болгондо макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн