Өкмөт аз камсыз үй-бүлөлөргө электр энергиясы боюнча тарифтик жеңилдикти акчалай компенсацияга алмаштырууну көздөөдө. Энергетика министрлиги президенттин тиешелүү жарлыгына өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, документти коомдук талкууга чыгарды.
Учурда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдары барлар электр энергиясынын 1 кВт/саатына 50 тыйындан төлөшөт. Бул жеңилдик 2024-жылы 62,8 миң абонентке берилип, алар жыл ичинде 320,4 млн кВт/саат электр энергиясын колдонгон. Натыйжада энергетикалык компаниялар 185,1 млн сом чыгым тарткан.
Министрлик бул жеңилдик натыйжалуу болбой жатканын белгилөөдө. Себеби көпчүлүк үй-бүлөлөр ижара үйлөрдө жашап, бат-баттан көчүп жүрүшөт. Мындан улам жеңилдиктин ордуна ар бир үй-бүлөгө ай сайын акчалай компенсация берүү сунушталууда. Ал жөлөк пулга кошулуп берилет.
Ошол эле учурда үй-бүлөлөр азыр 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 50 тыйын төлөп жатканын эске алып, компенсация 700 кВт/саатка чейин эсептелет, бирок ошол 50 тыйын азыркы төлөмдөн алып салынат.
Жардамдын көлөмү төмөнкүдөй:
- 1-апрелден 1-октябрга чейин — 300 кВт/саат (0,87x300=261 сом);
- 1-октябрдан 1-апрелге чейин — 500 кВт/саат (0,87x500=435 сом).
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн