Кыргызстандагы белгилүү куудул, ырчы Жаныбек Аттокуровду Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге таандык «Араван» цемент заводунун жетекчиси Данияр Атабаевдин коркуткан телефон сүйлөшүүсү интернетте жарыяланып кетти. Анда эки адамдын сүйлөшүп жатканы жана Атабаев дегендин ырчыны ыплас сөздөр менен коркутканын байкоого болот. Андан соң Ж.Аттокуров президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жасаган.
Аттокуровдун айтымында, Арапбаевдин үй-бүлөсүнө таандык «Араван» цемент заводун сындап ырдаганы үчүн коркутууларга кабылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн