Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Азамат Темиркулов: Бул шайлоодо өнүгүү, эл күткөн натыйжа болбойт деп ойлойм

13.04.2021 09:37
1007
Азамат Темиркулов: Бул шайлоодо өнүгүү, эл күткөн натыйжа болбойт деп ойлойм


Бул шайлоонун натыйжасы менен келечекте эч кандай өзгөрүү болбойт деп ойлойм, себеби утуп келген адамдарды жакшы билебиз, деп билдирди саясий илимдер боюнча эксперт Азамат Темиркулов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде.


“Бул шайлоо эч кандай деле сюрприз болгон жок. Биз күткөндөй эле нерселер болуп жатат. Биз билген, биз тааныган мурдагы эле саясатчылар кайрадан утуп, жергиликтүү кеңештерге келип жатышат. Болгону партиялардын аттары гана өзгөрүп, жаңы партиялардын катарында бара жатышат”, - дейт эксперт.


Анын айтуусунда, саясий партиялардын түзүмү мурункулардан эч кандай айырмасы болгон жок. “Демек, бул шайлоодо келечекте эч кандай өзгөрүү болбойт деп ойлойм, себеби бул адамдарды жакшы билебиз. Алардын максаттарын, алардын ойлорун 30 жылдын ичинде жакшы билип калдык. Ошондуктан эч кандай алдыга жылуу, өнүгүү, башка бир саясат, эл күткөн натыйжа болбойт”, - деп белгиледи Азамат Темиркулов.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Парламентке дагы ынгайлуу хопп дегендер келет мурунку.А ел добушун сатканга дайым даяр