Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Азаттыктын” журналисттерин каралоо уланып жатабы?

02.06.2020 19:32
1218
“Азаттыктын” журналисттерин каралоо уланып жатабы?

 

Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флай 2-июнда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүлөрүнүн журналисттер акча алган деген билдирүүсүн журналисттерди каралоо деп баалаган. Бул тууралуу "Азаттык" жазып чыкты.


“Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. Матраимов мырза журналист Али Токтакуновду жана Азаттыктын кыргыз кызматын сотко берип, былтыр декабрда кызматыбыздын банк эсеби камакка алынып, кийинчерээк кайра чыгарылган. Биз чындыкты бурмалаган мындай аракеттерди айыптап, кыргыз бийлигин иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз”, - деп айткан Флай.


Эске салсак, 2-июнда Жогорку Кеңеште Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу Айэркен Саймаити журналисттер аркылуу Абдукадыр Хабибулага кысым көрсөтүп, карызын өндүрүп алууну ойлогон билдирген.


Анын айтымында, Айэркен Саймаити Абдукадыр Хабибула менен болгон чатактан улам Кыргызстандан кетип калган.


Абдукадыр Хабибула менен Саймаитинин ортосунда акча боюнча карама-каршылыктар пайда болгон. 2017-жылдын май айында алар тарабынан өкүлдөр арасында сүйлөшүү жүрүп, ошол жерде Абдукадыр Хабибуланын өкүлдөрү Саймаитиге 3 миллион доллардан ашык доо коюшат. Мунун негизинде тирешүү пайда болуп, Саймаитинин үстүнөн Абдукадыр Хабибуланын өкүлдөрү ИИМ органдарына кайрылышат. Кылмыш иши козголуп, Бишкекке качып, андан кийин Казакстанга, андан ары Түркияга качып кеткен. Бул койгон доолорду мойнуна алган эмес. Күбөөлөрдүн айтымында, Саймаити доо арыздарын коюп, акчаларын өндүрүү максатында журналисттерди жалдап, ошолор аркылуу басым көрсөткөн. "Азаттыкка" да кайрылган экен. Ал маалыматтарды берип баштаган экен. Журналисттерге финансылык каражат берген деген көрсөтмөлөр болгон", - деди Сагынбек Самиддин уулу.


Ал ошондой эле Айэркен Саймаити “Азаттыктын” журналисттерине кызматташканы үчүн 100 миң доллар төлөгөнүн кошумчалаган.


Өз кезегинде депутаттар күбөөнү суракка алган учурдун видео тастыктоосу керектигин талап кылышты.


Эске салсак, ишкер Айэркен Саймаити 2019-жылдын октябрь айында Түркиянын Стамбул шаарында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн