Бугу 02, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Азербайжан гумжардам катары жөнөткөн 40 миң доза вакцина Бишкекке келди

Азербайжан гумжардам катары жөнөткөн 40 миң доза вакцина Бишкекке келди

Бүгүн Азербайжан гуманитардык жардам катары жөнөткөн 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы Бишкекке келип түштү. Бул туурасында Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.



Препараттарды "Манас" эл аралык аэропортунан Азербайжандын элчилигинин өкүлдөрү, тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жапаркул Ташиев жана Республикалык иммунопрофлактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова тосуп алган.

Гуманитардык жардам коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү максатында Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин ташырмасы менен жөнөтүлгөнү белгиленди.


Ошондой эле элчилик өткөн жылдын апрель айында Алиевдин демилгеси менен Кыргызстанга суммасы 500 миң долларга бааланган медициналык буюм жана жеке коргонуучу каражаттар гумжардам катары берилгенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн