Азербайжанда коронавирус илдетине каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу азербайжан басылмалары жазышты.
Белгилүү болгондой, вакцинаны биринчи болуп саламаттыкты сактоо министри Октай Ширалиев сайдырган. Азербайжанда кытай өндүргөн Sinovac вакцинасын колдонууда. Министрдин айтымында, аталган вакцинанын эч кандай терс таасири байкалган эмес.
Азербайжан акырындык менен 4 миллион доза алып, эмдөөнү улантат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн