Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:35
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ажыкеев Кыргызстанды Атомдук энергия боюнча эл аралык уюмга мүчө кылууну сунуштады

22.09.2021 13:16
763
Ажыкеев Кыргызстанды Атомдук энергия боюнча эл аралык уюмга мүчө кылууну сунуштады

 "Кыргызстан Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке мүчө болбогондуктан шайлануу укугунан ажыратылган. Бул уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда теңсиздикти жараткан көрүнүш", - деди КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин Башкы конференциясынын Венада өтүп жаткан 65-сессиясында.


Венага кыргыз делегациясын баштап барган Б. Ажикеев КМШнын алкагында ишке ашырылган "Уран казуу өнөр жайынан жабыркаган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" мамлекеттер аралык максаттуу программасынын ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгын билдирди.


Белгилей кетүүчү жагдай, учурда Европа Комиссиясы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен экологиялык рекультивациянын эсебинен уран калдыктары жаткан объектилерди калыбына келтирүү боюнча иштерди баштаган.


Ошондой эле КР ӨКМ министри Б.Ажикеев Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин платформасы аркылуу Кыргызстандын уюмдун толук кандуу мүчөлүгүнө кошуу боюнча көпкө созулган маселени чечүү сунушун киргизди. "20дан ашык мамлекет, анын ичинде Кыргызстан Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин мүчөлүгүнө катталган эмес. Уюмга мүчө болбогондуктан биз шайлануу укугунан ажырап жатабыз. Бул нерсе Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин мүчөлөрүнүн ортосунда теңсиздикти жаратып жатат", - деди министр.


Б.Ажыкеев аталган көйгөйдү БУУнун башка структураларынын тажрыйбасын колдонуу менен чечүүнү сунуштап, өлкөлөрдүн бир нече жолу кайрылган билдирүүсү жыйынтык бергебегенин белгиледи. “Биз маселени толук жана кеңири талкуулоого жана Катчылыкты мындай узакка созулган кырдаалды чечүү сунуштарын киргизүүгө чакырабыз", - деди ал.


Бүгүнкү күндө Кыргызстан Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен биргеликте ​​Борбор Азиядагы уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча стратегиялык башкы планын иштеп чыккан. Мындан улам жерлерди калыбына келтирүү боюнча натыйжалуу мамиленин жол картасы түзүлгөн. Башкы конференциянын алкагында акыркы жылдары Борбордук Азия өлкөлөрү жетишкен ийгиликтерди эске алуу менен жаңыланган Стратегиялык башкы планга кол коюу пландаштырылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн