Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:17
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Азык-түлүк дүкөнүн карактаган 3 адам кармалды

12.03.2020 09:59
1034
Азык-түлүк дүкөнүн карактаган 3 адам кармалды


Чүй облусунун Сокулук районунда дүкөнгө уурулукка кирген 3 жаран кармалды. Алар дүкөндөгү товарларды жана телефонду уурдап кетишкенин Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ички иштер башкармалыгына Сокулук районундагы азык-түлүк дүкөнүндөрүнүн бирине  2019-жылдын 28-декабрына караган түнү уурулук болгондугу туурасында 39 жаштагы жаран арыз менен кайрылган.

Аталган факт боюнча 200-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголуп шектүү катары 25 жаштагы Т.Б., 22 жаштагы О.Б. жана 21-жаштагы М.Н. аттуу , Бишкек шаарынын тургундары кармалган.

Учурда шектүүлөрдүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн