Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев азык-түлүктөрдүн баасынын жогорулашы боюнча кийинки аптада өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады.
"Азык-түлүктөрдүн баасы кескин кымбаттады. Бул маселени тийиштүү комитеттин жыйынында дагы көтөрдүм. Кийинки аптада бул маселени кароо керек. Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат угалы", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн