Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 05:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Азимбек Бекназаров Кыргызстанга Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн келгенби? Элчи кайрылуу жасады

19.01.2022 11:23
697
Азимбек Бекназаров Кыргызстанга Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн келгенби? Элчи кайрылуу жасады

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурага чакырылышы жана Адахан Мадумаров тууралуу көрсөтмө берүүсү тууралуу кайрылуу жасады.


Азимбек Бекназаров Кыргызстанга Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен менен келгенин билдирди.


"Менин Кыргызстанга келишимди оппозициясы да, бийлиги да туура эмес нукка буруп жатышат.

Мындан эки жыл мурда Адахан мырзанын мени элчиликке сатылып кетти деген сөзү боюнча маалымат жыйында жооп берген сөзүмдү эки жылдан бери Адахан Мадумаровго каршы саясатта пайдаланып жүрүшөт. Ошол сөзүмдү тактап коёлу деген тергөөчүлөргө макул болсом, бийлиги дагы, Адахан мырза дагы ошону саясат кылып жатат. Мекендештер, мен Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн келген жокмун. Мени прокуратура декабрь айында Июнь окуясы боюнча чакырган. Мен ыңгайлуу учурда барам деп, мына азыр келдим. Ошон үчүн суракка барып жатам. Мен Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн келген жокмун.


Камчы иним, Адахан иним, бир жыл мурда Баткен окуясы чек ара сырын сактабагандыктан чыккан. Эми тергөөнүн сырын ачып чыр чыгарбагыла",- деди Бекназаров.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн