Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:51
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Азимбек Бекназаров "Кумтөр" боюнча президентке кайрылуу жолдоду

21.05.2021 14:30
2836
Азимбек Бекназаров "Кумтөр" боюнча президентке кайрылуу жолдоду


"Кумтөр" боюнча түзүлгөн депутаттык 7-комиссиянын корутундусунан кийин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. 


Ал өз кайрылуусунда "Кумтөр" маселесин чечүү боюнча сунуштарын берген.


"Дагы бир көңүл бурчу факт - бул экологиялык зыян боюнча доо арыз райондук сотко жеке жарандын атынан берилиши... Мындай доону башында мен урматтаган Динара айым олтурган министрлик, прокуратура же Жогорку Кенештин тийиштүү комитети же башка тийиштүү мамлекеттик органдар берсе болбойт беле? Эмне үчүн ушундай болду?! Муну мен эмне үчүн айтып жатам, 2009- жылкы кайра каралган жаңы шарттардагы келишим «соодага» түшкөндү да “Центерра” тарап Кыргыз тарапка тергөө, сот органдарындагы кылмыш иштер, бардык талаш -тартыштар боюнча доолор токтотулсун деген шарт койгон. Ошол шартка ылайык К.Исабеков өзүнүн доосун алып салса керек эле. Эртең Исабековдун жоругу дагы кайталанбайбы?

Жогоркуларга байланыштуу менин сунуштарым:

- Эл аралык арбитражда утуу максатында токтоосуз түрдө азыр күчүндө турган “Центерра”, КГК жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жаңы шарттарда түзүлгөн мыйзамсыз эл аралык келишим статусу берилген 2009- жылкы келишимди, ага чейинки жана андан кийинки “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу бардык келишимдерди Жогорку Кеңеш аркылуу денонсация кылууну сунуштаймын . Эмне үчүн? Анткени, бардык талаш нерсе эмнеден, кайсы жерден башталса, так ошол абалга кайра келгенде гана акыйкат чечилет. Жаңы сүйлөшүү да, жаңы инвесторлордун келиши да ошондо пайда болот. Экинчиден, “Кумтөр” долбоору боюнча түзүлгөн келишимдерди кайра кароо, оңдоо, өзгөртүү, денонсация кылуу КРнын эгемендүү укугу. Эл аралык соттор биздин эгемендүү укугубузду чектей албайт!


“Кумтөр” алтын кени боюнча бардык келишимдерди денонсация кылууда негизги басымды үч нерсеге коюш керек. Биринчиси, 1992- жылдан берки “Кумтөр” алтын кени боюнча түзүлгөн бардык келишимдер Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка бир катар мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөнүнө;


Экинчиси, бардык келишимдер бир гана президенттердин жеке каалоосу, аныктоосу боюнча эл аралык коррупциялык схемалар менен түзүлүп, улам кийинки президенттердин түздөн - түз жардамы менен жаңы шарттарда жаңыланып, ушул күнгө чейин иштеп жатканына;


Үчүнчүсү, кесепетинде Кыргыз мамлекетине, элине, экономикасына, экологиясына орду толгус суммадагы зыян келтирилип, ал зыян келтирүү азыр да улантылып, Кыргызстандын элинин жана айлана-чөйрөсүнүн коопсуздук системасына эле коркунуч келтирбей, бүтүндөй коңшу регионго коркунуч келтирүүсү мүмкүн экенине.


Себеби, эл аралык арбитраж бир гана мыйзамдуу далилдер менен чечим чыгарат. Ал жерде кыргыз сотторундагыдай « бийликтин телефондук укугу», « бийликтин фанаттарынын укугу» болбойт. Мурдагы бийликке шылтамай да болбойт. Эл аралык укуктун талабы боюнча, азыркы Кыргызстандын бийлиги мурдагы бардык президенттер үчүн жооп берет. Ошон үчүн “Кумтөр” боюнча түзүлгөн келишимдерди «коррупциялык келишим» экенин, «башкы дирижёр- коррупционерлер» президенттер болгонун далилдөөчү, өзүбүздүн ЖКнын андай келишимдерди « коррупциялык» деп жокко чыгарган чечими, «башкы коррупционер» катары жоопко тартылган адамдардын үстүнөн чыгарылган соттун чечимдери Эл аралык арбитражда чон роль ойномок. Тилекке каршы, бизде экологиялык доону канаттандыргандан башка андай чечимибиз колубузда жок!


Айрым саясатчылар КГКны улутташтыруу керек деп жүрүшөт. Бул туура эмес.Улутташтыруу болгудай “Кумтөр” алтын кени эч качан “Камеккого” да, “Центеррага” да менчикке берилген эмес. Ал 2042 -жылга чейин ижарага берилген. “Кумтөрдө” иштеп жаткан завод (комбинат) үчүн, анын негизги каражаттары, жол куруу үчүн биз КГКга 1997- жылы эле өз баасынан ашыкча 174 млн доллар төлөп бергенбиз. “Кумтөрдөгү” кыбыраган нерселердин баарына Кыргыз тараптын акчасы кеткен. Эми аны улутташтырып дагы төлөп беребизби? Эгерде, “Кумтөр” боюнча Акаевдин кайра түзүү коррупциялык келишими пайда болбогондо, Башкы келишим боюнча 2002- жылы КГК компаниясы толук Кыргызстанга өтмөк. 2003-2004- жылдардагы коррупциялык схемалар ачыкталса “Центерра” компаниясы Кыргыз тарабынын акциясын сатып алууда эч качан « добросовестный приобретатель» боло албайт. Чыныгы чоң коррупция так ушул жерде жатат. Ал эми “Центерра” , КГКны кыргыз тарап улутташтырганын каалайт, анткени, Эл аралык сотто Елисеев “Мегокомду” утуп алгандай , Кыргызстанды жеңип алуу жолу ачылат.  Себеби биз улутташтыруу менен КГКны “Центерранын” менчиги экенин өзүбүз далилдеп беребиз. Улутташтыруу – конфискация, бирөөнүн менчигин мамлекетке алуу. Айрыкча, улутташтыруу менчик ээсинин макулдугу, ордун толук төлөп берүү менен жүргүзүлөт. Ошон үчүн МЧЖнын 2003-2004- жылдардагы “Кумтөргө” байланыштуу кабыл алган Токтомдорунун негизинде Башкы прокуратура тарабынан 2005- жылдын 21- апрелинде козголгон кылмыш ишти кайра жандандырып, ошол иштин алкагында КГКнын менчигиндеги бүткүл акция, объектилерди башка каражаттары менен мыйзамсыз берилген мүлктөр катары прокуратуранын доосу менен соттон Кыргыз Өкмөтүнө кайтарып алуу мыйзамдуу жана акыйкаттык болот! Ушундай жыйынтык Эл аралык арбитражда чон роль ойнойт. Ошондуктан, 2005- жылдын 21- апрелинде козголуп, кийин өндүрүштөн токтотулган кылмыш ишти кайра жандандырып, тергөөсүн тездетүүнү, доо арызды эртелетүүнү сунуштайм.


Эл аралык арбитраж үчүн “Центерранын” калктын ден соолугуна, айлана- чөйрөгө келтирген зыяндын коркунучтуулугу үчүн жеке бир адамдын Октябрь райондук сотто уткан доо арызы жана Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилген Убактылуу тышкы башкаруу фактысы, жаңы мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Консенция жана Консенциялык ишканалар жөнүндөгү» Мыйзамынын 22- беренеси жана бардык Комиссиялардын тыянактарында аныктаган зыяндардын өлчөмү “Центерраны” утуп алганга жетиштүү далил болбой калышы мүмкүн. Ошон үчүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар, көз карандысыз эл аралык уюмдар, эксперттер аркылуу кошумча, жаңы иликтөөлөрдү уюштурууну да сунуштаймын!


Мындан кийин Кыргызстандагы кен - байлыктардын тагдырын бир адам- президенттер өзү каалагандай чечпеши үчүн кен- байлыктарды иштетүүнүн, инвесторлорго берүүнүн өзгөчө шарттары камтылган, Конституциянын талабына ылайык, Кыргызстандын элинин үлүшү 51 пайыздан кем эмес аныкталган мыйзамды кабыл алууну да сунуштаймын. Мындан нары инвесторлор президенттер аркылуу жана алар жактырган келишимдердин шартында эмес, мыйзамдын тартиби аркылуу келишсин жана иштешсин",- деп кайрылган элчи.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Б
А бульдозер сага да кезек келет, билген коргондорунду айтып Акылбектей куноондон арыла берсен элин куткарат