Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Кемин райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун 2022-жылдын 15-июнундагы келип түшкɵн маалыматынын негизинде кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу райондук администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Кемин районунда кене энцефалити катталды. Карал-Дѳбѳ айылынын 14 жашар тургуну кене энцефалити менен оор абалда 2022-жылдын 14-июнунда Кемин аймактык ооруканасына келип түшкѳн.
Азыркы убакта оор акыбалда дарыланып жатат. Ɵспүрүм 31-май күнү тоого чыгып, кене чагып алган, оору дароо билинген эмес он күндɵн кийин бала оор акыбалда ооруканага түшкөн. Өткөрүлгөн кеңешменин негизинде төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
-эл арасында профилактикалык жумуштарды өткөрүп, маалымат таратуу керек (айылдык ден соолук комитеттери аркылуу, ЖƟБО кызматкерлери аркылуу вотсапп группаларда);
-кене энцефалити боюнча маалымат такталарга илип, тиешелүү жерлерге эскертүү баннерлерди жайгаштыруу зарыл (эс алуу жайларына, туристтик объектилерге ж.б.);
-Кемин райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборуна тиешелүү тараптарга кɵрсɵтмɵлɵр берилип, аткарылышы кɵзɵмɵлгɵ алынышы зарыл;
-Кемин райондук жалпы дарыгерлер борбору кене энцефалитине кабылган адамдарды дарылоого тиешелүү дары дармектер толугу менен камсыздалууга тийиш.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн