Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты

21.04.2022 10:39
679
Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Мээрим Жуманазарованын 68 кг салмакта алгачкы атаандашы Азия чемпионатынын эки жолку коло медалынын ээси казакстандык Мадина Бакбергенова болду. Күрөш башталганда эле Жуманазарова күчтүүгүлүн көрсөтүп, бир-эки упайдан алып жатып, 5:0 эсебинде утуп алды.


Кийинки кореялык Сужин Паркты кыргызстандык спортчу ары-бери оодарып, мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды. Мындан улам Мээрим Жуманазарова жарым финалга көтөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн