Бугу 02, 2024
Убакыт: 08:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Азия өнүктүрүү банкынын президенти ноябрда Кыргызстанга келет

19.04.2024 11:30
165
Азия өнүктүрүү банкынын президенти ноябрда Кыргызстанга келет


Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакава өлкө башчы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын ноябрында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Сапардын алкагында АӨБ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы, ошондой эле АӨБ тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышуу жана жогорку деңгээлде эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакава жолугушту.

Тараптардын жолугушуусу Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында АКШнын Вашингтон шаарында өттү.

Анда Кыргызсстан менен АӨБ ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелери, атап айтканда АӨБ тарабынан каржыланган учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн