Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:29
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Азият Жекшеев ИИМге суракка чакырылды

23.06.2021 22:31
813
Азият Жекшеев ИИМге суракка чакырылды


Маркум коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин уулу Азият Жекшеев ИИМге суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, ал октябрь окуялары боюнча  күбө катары сурак берген.


"Мени күтүп жаткандарга жана кабатыр болуп жаткандарга чоң рахмат колдооңорго.


Баары жакшы буюрса. Сурак ошол октябрь окуяларында болгон башаламандык боюнча козголгон кылмыш иши туурасында болду! Болгонун болгондой айтып бердим жашырбай эле С.Жапаровду түрмөдөн чыгарып Президент кылалы деген оюбуз "честное слово" жок болчу деп айттым. 


Кимиси бул окуяны кандай пайдаланып кетти бул анын иши. Ким ошол күндөрү кырдаалды тынчытуу аракетин көргөнүн жана кайсы саясатчы каякка отуруп алып жанталашып бийлик талашканын төкпөй чачпай жаздырып кол коюп бердим. Албетте өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен угуп, өз колум менен кылгандарды гана жооп берип чыктым",- деп билдирүү калтырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн