Азиз Суракматов мамлекетке 125 миллион сом компенсация төлөдү. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Суракматов дагы 25 миллион сом компенсация төлөшү керек.
"Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып мамлекетке зыян келтирген. Ал келтирген зыяны үчүн азыркы учурда 125 миллион сом төлөдү. Дагы 25 миллион сом төлөсө бошотулат",- деди Ташиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн