Бугу 04, 2024
Убакыт: 23:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Азизбек Турсунбаев: Гавасай участогу боюнча Ала-Бука эли ыраазы

17.11.2022 11:47
1126
Азизбек Турсунбаев: Гавасай участогу боюнча Ала-Бука эли ыраазы

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен биргеликте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоорун ратификациялоону карап жатат.


Жогорку Кеңештин депутаты Азиз Турсунбаев Ала-Бука районундагы Гавасай аймагында буга чейин бир нече жолу чатак чыгып, айрым учурларда адам өлүмү катталганын айтты.


"Буга чейин Гавасай, Унгар-Тоо аймагында кошуна элдин жарандары, аскерлери менен менен бир нече жолу чатак чыгып келген. Айрым учурларда адамдар кармалып кетсе, кээде каза болгондор болгон.

Бүгүнкү күндө Ала-Бука эли Гавасай жана Унгар-Тоого толук ээлик кылууга укуктуу болуп турат.


Биздин шайлоочулар дагы ыраазычылык билдирип жатышат. Менимче бул туура чечим болду",- деди депутат Турсунбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн