Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Азизбек Турсунбаев ишенимдүү түрдө жеңишке жетти.
Аталган шайлоо округундагы добуштар кол менен эсептелип бүттү. Анын жыйынтыгында Азиз Турсунбаев көпчүлүк элдин колдоосуна ээ болуп, 11 279 добуш, башкача айтканда шайлоочулардын жалпы санынын 37,54 пайызы өз добушун берген.
Эскерте кетсек, Азизбек Турсунбаев буга чейин шайлоочуларга кайрылуу жасап, аларга колдоолору үчүн ыраазычылык билдирген.
Пикирлер (1)