Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Азизбек Турсунбаев комитет төрагасы. Парламент комитет жетекчилерин шайлады

12.01.2022 22:14
1944
Азизбек Турсунбаев комитет төрагасы. Парламент комитет жетекчилерин шайлады


Бүгүң, 12-январда Жогорку Кеңеш комитеттин жетекчилерин экинчи жолкуда шайлады. Биринчи жолку шайлоодо мыйзам бузуулар катталганын депутат Адахан Мадумаров билдирип, жыйынтыгы жокко чыкты. Комитеттин жаңы шайланган төрагалары/төрайымы төмөндөгүчө добуш алышты:


- Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин төрагасы — Азизбек Турсунбаев 82 добуш;


- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети — Жанар Акаев 62 добуш;


- Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети — Медер Алиев 77 добуш;


- Каржы, экономика, фискалдык саясат комитети — Данияр Төлөнов 80 добуш;


- Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитети — Динара Ашимова 78 добуш;


- Укук тартиби, кылмыштылуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү — Сүйүнбек Өмүрзаков 82 добуш;


- Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети — Бакыт Сыдыков 82 добуш;


- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитети — Аманкан Кенжебаев 62 добуш.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
РАЙИМБЕКОВА Курманбү
Ишиңизге Ийгилик Кудайым колдоссун🤲