Бугу 08, 2024
Убакыт: 06:42
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Азиз Турсунбаев Өзбекстанга кандай максатта барат?

02.10.2021 21:43
1488
Азиз Турсунбаев Өзбекстанга кандай максатта барат?


Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга расмий иш сапарында депутаттардан жалгыз Азиз Турсунбаев барган эле. Жөн жерден эмес да. Маселен, эки мамлекеттин мамилесин жакшыртуу, инвестиция тартуу, бизнести өнүктүрүү боюнча каарманыбыздын демилгеси арбын. Бул жааттан алкоого аларлык сунуштар башталууда... Дагы бир жаңылыкка келсек, 23-24-25-октябрь күндөрү Азиз Турсунбаев Өзбекстанга атайын чакыруу менен бармакчы. Президенттик шайлоого байкоочу, бир эсе колдоочу катары сый көрүп, ошого катар элибиздин кызыкчылыгына жараша алгылыктуу долбоорлорду аркалай турганын эшиттик. Мартабалуу өзбек туугандар Азиз мырзаны жогорку деңгээлде баалашары анык. Эки элдин ынтымагы, достугу үчүн жаңы демдеги кызматташуулардын жанданып атканы кубантат. Эмесе, бул боюнча учуру келгенде кабарламакчыбыз. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн