Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 14:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Азизбек ТУРСУНБАЕВ: Депутат болуп шайлангандар моюндарына өтө чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн сезиши керек

30.11.2021 13:30
3150
Азизбек ТУРСУНБАЕВ: Депутат болуп шайлангандар моюндарына өтө чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн сезиши керек


№18 Ала-Бука шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодо алдын ала эсептөөгө ылайык жеңүүчү деп табылган Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин шайлоочуларына жана коомчулукка кайрылуусу: 


Урматтуу мекендештер!


Кадырлуу Ала-Бука, Чаткал районунун тургундары!


Маараны көздөй чапкан күлүктөрдүн дарамети сыналгандай эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына ат салышкан талапкерлердин да эл ичинде салмагын аныктаган шайлоо болуп өттү. Партиялык тизме менен аттангандардын да, бир мандаттуу округдардан талапкерлигин койгондордун да кимисинин канча шайлоочунун ишенимине ээ боло алгандыгын аныктаган болжолдуу жыйынтыктар чыкты. Элибиз өз тандоосун жасады. 


Албетте, ар кандай шайлоодо жеңгендер жана жетиштүү добушка ээ боло албагандар болот. Андыктан жеңишке ээ болгондор моюндарына өтө чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн сезип, ал эми жетиштүү добуш топтой албагандар өлкөнүн стабилдүүлүгү жана бакубатчылыгы үчүн татыктуу жеңилүүнү моюндоого туура келет. 


Мен бир мандаттуу №18 Ала-Бука шайлоо округунан талапкерлигимди коюп, көпчүлүк добуш менен шайлоочуларымдын ишенимине ээ болдум. Ала-Бука жана Чаткал районунун жашоочулары мага ишеним менен бирге опол-тоодой жоопкерчиликти моюнума жүктөдү. Мен үчүн шайлоочуларымдын ишеними – сыймык, жоопкерчилик жана алдыда жасай турган иштериме эбегейсиз дем болот. Анын үстүнө, сиздер мага төртүнчү ирет чоң ишеним менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлап жатасыздар. Бул мен үчүн жоопкерчилик деп эсептейм. Сиздер менен жолугушууларда айтылган ар бир көйгөйлүү маселе менин көңүлүмдө сакталуу, аларды Кудай буйруп Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы ишин баштагандан тарта ырааттуу тартип менен чечүү жолдоруна киришем. Буга чейин мамлекетим, элим үчүн кандай эмгектенип келсем, мындан ары дагы ишимди улантам. 


Мени менен атаандаш болгон талапкерлерге да ыраазымын. Алар дагы эл үчүн иштеп берем деген азаматтар экенин белгилеп койгум келет. Сиздердин ишиңиздерди, жашооңуздарды ийгиликтер коштосун деген тилегимди айтам. 


Дагы бир ирет шайлоочуларыма терең ыраазычылык билдирем. Сиздер берген ар бир добуш мага аманатка берилди деп эсептейм. Сиздердин үмүттү жана ишенимди толугу менен актоого бардык аракетимди жасайм. 


Жалпыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат жашоо каалайм. Мен эми сиздердин кызматыңыздардамын. 


Терең урматтоо менен Азизбек Атакозуевич Турсунбаев

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Сулайманов Асылбек Чотбаевич.
Эл ишеничине ээ болуп жатканыңызды,дагы бир ирет далилдедиз.Ишинизге ийгилик,мыкты ден соолук,уй бүлөңүзгө бакубат жашоо каалайм.Эл тараза,эл сынчы,элдин элегинен, эң көп добуш менен депутат болуп шайланып келишиниз менен куттуктайм!!! Сиз эл үчүн кызмат кылып берет деген чоң ишеничтебиз!
Баркыбаев Болотбек Алимбаевич
Куттуктайм и Ийгиликтерди каалайм
Болотбек Нурдинов
Откон экенс ийгилик каалайм бирок Чаткал элинин койгойун чечкен Адам эмессиз колдон келген аракетинизди Ала букага жумшай бер. Мен каршымын
Наримбетов Султанбек
Женишиниз Кут болсун Элдин умуту сизде
Ыкылым
Сизге да ийгилик каалайбыз. Ушул моонотто элинизге дагы да колдоо корсотуп, шайлоочулар менен болгон жолугушуудагы айыл койгойлорун чечууго жардам бересиз деген ойдомун, Ийгилик