Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 11:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Азизбек Турсунбаев №5. Мурдагы жана учурдагы депутаттардын берген баасы кандай?

24.11.2021 11:15
3022
Азизбек Турсунбаев №5. Мурдагы жана учурдагы депутаттардын берген баасы кандай?


№18 Ала-Бука шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Азизбек Турсунбаев парламенттин 3 чакырылышынан бери депутаттыкты татыктуу аркалап келет. Анын мыйзам чыгаруучу органдагы ишмердүүлүгүн мурдагы жана учурдагы кесиптештери дагы жогору баалашат.


Улукбек ОРМОНОВ, Жогорку Кеңештин депутаты:

- 2005-жылдан бери Азиз Турсунбаевди тааныйм. Бир мандаттуу округдан чогуу депутат болуп келгенбиз. Ошондон бери бир да жолу жаман жагын көрө албадым, андай нерсеси жок бул жигиттин. Өзүнүн сөзүндө турган, ичинде кири жок таза инсан. Саясатчынын баары бир канча беттүү болуп кетпедиби, Азизде андай нерсени байкабадым. Кыргызстанга, анын ичинде кыргыз элине колунан келген ишин аябаган эл өкүлү катары таанылды. Аржак-бержакка ыгы жок секире бергендерден эмес. Куйтулук мүнөзү жок. Убагында дыйкандарга жардам берүү жаатында ишкерлик менен чоң иштерди жасаганын билем. Жер семирткичтер менен дыйкандарды камсыз кылууда оозго аларлык ыкманы колдонгон. Жазында жер семирткичтерин берип, күзүндө түшүм жыйналганына жараша эч бир пайызы жок тыйынын алып, а кээ бир дыйкандарга болсо жардам катары бекер берип жүргөнүн билет элек. Ак көңүл, сөзүндө турган кыргыздын бычакка сап жигиттеринин бири.

 

Азимбек БЕКНАЗАРОВ, экс-депутат, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси:

- Азиз инимди мен 2005-жылы шайланган 3-чакырылыштагы парламентте депутат катары бирге иштеген күндөн бери тааныйм. Ал ошондон бери эл ишениминде жүрөт. Биздин ортобузда өтө жакындык да, алыстык да жок. Ага-ини катары түз саламыбыз гана бар. Анын менден кичүү катары кээде акыл сураган учурлары болсо, мен андан улуу катары кеп-кеңешимди берген учурлар көп болгон. Арийне, депутаттар жөнүндө сөз кылганда биз көбүнчө “бийликчил” же “оппозициячыл” деп эки жээктен гана карайбыз. Бирок ошол депутаттардын дагы бир жоон тобун менин иним Азизге окшогон депутаттар түзөрүнө көп деле көңүл бура бербейбиз. Алар негизинен өз шайлоочуларынын кызыкчылыгын баарынан жогору коюшуп, шайлоочулары үчүн бийлиги менен да, оппозициясы менен да тил табышып иштешкен депутаттар. Көз карандысыз кыргыз парламентинде мындай депутаттарга Азиз Турсунбаевден башка Улукбек Ормонов, Зиядин Жамалдинов сыяктуу жигиттерди кошсок болот. Алардын ашкере оппозициялык позицияда саясатташып же бийликке карап өзгөрүлүп кетпей, кошоматтанбай, бир гана шайлоочуларынын кызыкчылыгы менен муктаждыгы үчүн бир калыпта жүрүшкөнүн көп жылдан бери байкап жүрөм. Мындай депутаттар системдүү, туруктуу өнүккөн өлкөлөрдүн парламентинин дээрлик көпчүлүгүн түзүшөт. Бизде да Азиз Турсунбаев дал ошондой үлгү жаратып, алгылыктуу эмгектенип келет...


Таалайбек МАСАБИРОВ, экс-депутат:

- Досум Азизбек Турсунбаев менен бир чакырылышта депутат болуп парламентке келгенбиз. Коллегаларынын арасынан өзүнүн чыныгы эл өкүлү экенин анык көрсөтүп жүрөт. Эмнеге дегенде, ар дайым Ала-Бука, Чаткал элинин таламын талашып, жеринде жаралган көйгөйлөрдү тез аранын ичинде чечүүгө аракети күч. Кыргыздын нагыз патриот уулу, намыскөй жигит. Оор басырыктуу, көп сүйлөбөй иштин майын чыгарган жагынан көп депутаттар үлгү алсак болот. Мен ойлойм, бир мандаттуу Ала-Бука, Чаткал округунан Жогорку Кеңештин депутаты болууга талапкерлигин койгону эң туура. Азизди өз эли колдоп аларына терең ишенем.


Рада ТУМАНБАЕВА, Жогорку Кеңештин депутаты:


- Кесиптешибиз Азиз Турсунбаевди инсан, депутат катары абдан сыйлайм. Өз аймагында сыйы бар, көйгөйдү чече билген мыкты инсан. Кесиптештеринин сыйына татыган кыргыздын бычакка сап уулдарынын бири. Бизге мындай депутат керек.


***КР №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сарымсаков Ахматбек тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 81 01.10.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн