Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Азизбек Турсунбаев жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушту

09.02.2024 14:08
883
Азизбек Турсунбаев жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушту


Кечээ, 8-февралда Жогорку Кеңештин депутатф Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районунун Ак-Там айылдык кеңешинин депутаттарын кабыл алды. 


Аталган айылдык кеңештин төрагасы Абдурахим Осмонов баш болгон депутаттар Ак-Там айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Там, Жапа-Салды, Кызыл-Ата айылдарындагы бир катар көйгөйлүү маселелерди айтып беришти.

• Ак-Там айыл өкмөтүндө 11000ден ашуун калк жашайт. Үч айылдын эли саламаттыгын текшертүү, дарылануу үчүн Ак-Там айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна катташат. Андагы медицина кызматкерлери өз иштерин жакшы аткарышат. Бирок, алардын отурган имараты талапка жооп бербейт, эскилиги жеткен. 1937-жылы калк аз мезгилинде курулган. Дарыгерлердин иштөөсүнө ыңгайлуу шарт жок. Анализдерди тапшырып, жыйынтыгын биле турган да шарт каралган эмес.

• Жапа-Салды айылында 500 түтүндө 3000 калк жашайт. Бул айылдагы эң башкы маселе таза суу маселеси.

• Жапа-Салды айылында 90 орундуу бала бакчанын имараты эскирген. Аны кайра-кайра оңдоп-түзөөдөн майнап чыкпай келет.

• Ак-Там айыл аймагындагы Чанач-Сай участогунда “Жоогазын” балдардын эс алуу жайы бар. Ал профсоюз уюмунун балансында. Эс алуу жайынын бүгүнкү күндөгү абалы өтө начар. Аны Ак-Там айыл аймагынын балансына өткөрүп берүү маселеси.

• Кызыл-Ата айылында 1985-жылы Кызыл-Ата – Салы-Талаа айылдарындагы эгинди сугаруу үчүн атайын суу топтолуучу дарбаза (БСР) курулган. Ал БСР азыр кароосуз турат. Эч кимдин балансында да эмес. Ошону райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү.

Мындан башка дагы бир топ маселелер айтылды. Аларды кантип чечүүнүн жолдору талкууланып, баарын мыйзамдын алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын жардамы менен чечүү аракети жасалары айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн