Б.Бактыбаев Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шайлоо ушул жылдын 1-сентябрында болуп өткөн. Ага айылдык кеңештеги 21 депутаттын 16сы катышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Б.Бактыбаевди 11 депутат колдосо, “бардыгына каршы” позициясына 5 депутат добуш берген. Муну менен Б.Бактыбаев Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча арыздар түшкөн эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн