Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:07
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

«БИРИМДИК» № 1. Талапкер Айнуру Алтыбаева: “Биримдик менен бардык тоскоолдуктарды жеңебиз!”

29.09.2020 17:25
1000
«БИРИМДИК» № 1. Талапкер Айнуру Алтыбаева:  “Биримдик  менен бардык тоскоолдуктарды жеңебиз!”

“Биримдик” демократиялык социализм - евразиялык тандоо” партиясынын талапкери Айнуру Алтыбаеванын  үгүт иш-чаралары  Ош облусунда уланууда. Ал жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууларда  партиянын программасы өлкөнүн жарандарынын конституциялык укуктарын ишке ашырууга багытталгандыгын жана саясаттын өзөгүндө социалдык адилеттүүлүк принциби тургандыгын өзгөчө баса белгилеп келүүдѳ. 


Талапкер партиянын негизги идеологиясы тууралуу: “Евразия аймагында жашаган элдер эзелтеден бири-бири менен алака түзгөн, алардын ортосунда рухий, тарыхый, этникалык, маданий, саясий жана экономикалык деңгээлде кылымдардан берки тыгыз байланыштар болуп келген”, - деди. 


“Биримдик” демократиялык социализм - евразиялык тандоо” партиясынын программасында тѳмѳнкүдѳй айтылат:  “Биздин күч – биримдикте, ал эми биримдик өз ара боордоштук жардамга жана колдоого таянат. Эгерде мамилелердин негизин достук жана тилектештик түзсө, анда мамлекет үй-бүлө катары каралат жана анда ар бир адамдын баалуулугу жогорулайт”.


Талапкер Айнуру Алтыбаева: “4-октябрда боло турган шайлоодо ар кайсы чагымчыл жана  жалган маалыматтарга алдырбай, элдин келечегин ойлоп,  тандоо кылууңуздарды өтүнөм. Баарыбыз бир болуп алдыга кадам таштайлы. Биримдик  менен бардык тоскоолдуктарды жеңебиз!”,-  деди.


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн