Бүгүн, 3 -сентябрда болжол менен саат 12:40 чамасында Профсоюз менен Фучика көчөлөрүнүн кесилишинде BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, жөө жүргүнчү, болжол менен 50-55 жаштардагы аял болгон, ал ооруканага жеткирилди.
Унаанын айдоочусу кармалды жана унаа айып жайга токтотулган.
Кайгуул кызматынын кызматкерлери жол кырсык болгон жерде иштеп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн