Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

БП: Жаңы кодекстер адам сатууга каршы күрөштү күчөтөт

20.08.2021 16:38
906
БП: Жаңы кодекстер адам сатууга каршы күрөштү күчөтөт

 Жаңы кодекстер адам сатууга каршы күрөштү күчөтөт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


2021-жылдын 19-20-августунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын түштүк регионундагы прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ички иштер органдарынын Тергөө кызматтарынын башчылары үчүн “Адамдарды сатуу менен байланышкан кылмыштарды иликтөө жана соттук териштирүү, анын ичинде эл аралык кызматташуу жана адамдарды сатуунун курмандыктарына юридикалык жана башка жардам көрсөтүү маселелери” аталышында окутуу-тренинги өттү. Тренингге прокуратура органдарынын 28 кызматкери, ички иштер органдарынын 26 кызматкери катышты.


Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрүнүн иш жүзүндө жаңы кылмыш-жаза жана кылыш-жаза процессуалдык мыйзамдарын колдонууда адам сатууга байланышкан кылмыш иштер боюнча тергөөнү жүргүзүү жана соттук куугунтуктоону ишке ашыруу багытында квалификациясын жогорулатуу аталган тренингдин негизги максаты болуп эсептелет. Тренингдин жыйынтыгы менен катышуучулар адамдарды сатуу кылмышынын маңызын терең түшүнүп, адамдарды сатуу менен байланышкан кылмыш иштери боюнча тергөөнүн көндүмдөрүнө ээ болуп, эл аралык укуктук жардам көрсөтүү багытында тапшырмаларды түзүүнү өздөштүрүштү.


Ошондой эле, тренингдин жүрүшүндө адамдарды сатуунун курмандыгы болгондорду кайра багыттоонун улуттук механизми, адамдарды сатуунун курмандыгы болгондорду идентификациялоо критерийлери, адамдарды сатуунун курмандыгы болгондорду эксплуатациалоонун белгилери изилденип, прокуратура жана ички иштер органдарынын адамдарды сатууга байланыштуу мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы күрөшүүдөгү ролу менен таанышышты.


Тренинг Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча БУУнун Башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өнөктөштүгүндө уюштурулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн