Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:50
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

БП "Бишкек" ЭЭАда мыйзамсыз иштер жүргүзүлүп келгенин аныктады

26.01.2022 10:42
823
БП "Бишкек" ЭЭАда мыйзамсыз иштер жүргүзүлүп келгенин аныктады

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан баалуу металлдарды камтыган кендерди кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жана “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн (ЭЭЧ) кызмат адамдарынын колдоосу менен “Бишкек” ЭЭЧнүн аймагында уруксат берүүчү документтери жок жеке фирмалардын бири, уулуу заттарды колдонуу менен техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузуп, курамында алтынды камтыган кендерден алтынды бөлүп алуу боюнча көп убакыттан бери мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүп келгендиги тастыкталды.


Белгиленген факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн