Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:07
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

БШК: 17 миңден ашык шайлоочу тилкеден тышкары добуш берди

11.04.2021 09:02
690
БШК: 17 миңден ашык шайлоочу тилкеден тышкары добуш берди

Кечээ, 10-апрелде 17 миң 99 шайлоочу тилкеден тышкары добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымат кызматы билдирет.


Билдирүүгө ылайык, жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумда 19 298 адам тилкеден тышкары жерде добуш берүү үчүн арыз берген.


Алар:

- шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар;

- добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар;

- алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар.


Ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечим боюнча төмөнкү шайлоочулар өздөрүнүн жайгашкан жери боюнча добуш беришет:


- калктуу конуштардан алыс обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;

- шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери;

- тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген иштин үзгүлтүксүз цикли менен ишканаларда иштеген шайлоочулар;

вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар;

- өзүнүн жайгашкан жери боюнча убактылуу турган жери боюнча шайлоо участкасынын аймагында туруктуу жашаган, үй камагында турган референдумдун катышуучулары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум башталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн