Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

БШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп тапты

19.05.2021 21:29
1100
БШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп тапты


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 19-майда Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону жараксыз деп тапты.


12-майда Бишкек АШК келип түшкөн арыздар жана даттануулардан улам, 30 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарып, "Эмгек", "Ак-Бата" жана НДПК партияларын шайлоодон четтеткен. Жалпысынан 60 351 добуш жараксыз деп табылган. Бул добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын 45,02 %ын түзөт.


Жыйынга катышкан БШКнын 11 мүчөсүнүн ичинен 8и бул чечимге макул деп добуш берсе, үчөө каршы болду.


БШКнын ушул чечимине байланыштуу, Бишкек шаардык кеңешинин шайлоо натыйжаларын жараксыз деп табууга негиз болгон талапкерлерди кошпогондо, депутаттарды кайрадан шайлоо өткөрүлөт.


Эске салсак, 11-апрелде болуп өткөн жергиликтүү кеңештерди шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине "Эмгек", "Ак-Бата", НДПК (кийин соттун чечими менен четтетилген), "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак" и "Биздин эл" партиялары 7 %дык босогодон өткөн болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн