Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

БШК «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен 8 талапкерди чыгарды (тизме)

29.09.2020 11:44
1223
БШК «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен 8 талапкерди чыгарды (тизме)


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-сентябрдагы отурумунда «Кыргызстан» саясий партиясынын 2015-жылдагы тизмесинен талапкерлерди чыгаруу чечимин кабыл алды.  


БШКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, Боршайком партиянын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнүн негизинде чечим кабыл алган.


Тизмеден чыгарылган талапкерлер:


- Дүйшеев Азамат Раимжанович;


- Дыйканбаев Алмазбек Кеңешбекович;


- Курманбеков Данишбек Муратович;


- Кубатов Каныбек Идрисович;


- Кыдырбаев Улук Асанкарыевич;


- Мырзаканов Кубан Нуржанович;


- Тургунбаев Абдумиталиб Тажибаевич;


- Чыдынов Космосбек Мамажжанович.


Учурда «Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештеги бош мандаты бар. Жаныбек Жоробаевдин ыйгарым укуктары өзүнүн арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн