Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

БШК: Өлкөдө 481 миң 950 жаран форма 2 боюнча арыз берди

24.09.2020 15:06
1418
БШК: Өлкөдө 481 миң 950 жаран форма 2 боюнча арыз берди


Кыргызстанда 481 миң 950 жаран форма 2 - шайлоо дарегин алмаштыруу боюнча арыз берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 24-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, 2015-жылы 297 миң 327 жаран форма 2 боюнча шайлоо тилкесин алмаштырса, 2017-жылы 315 миң 461 жаран форма 2 боюнча шайлоо тилкесин алмаштырган.


"Форма 2 боюнча 481 миң 950 жаран арыз берген. Арыздардын көбү Бишкек шаарына туура келди. Бишкек шаарында - 151 миң 557 шайлоочу, Ош шаарында - 42 миң 467, Баткен облусунда - 7 миң 213, Жалал-Абад облусунда - 57 миң 387, Нарын облусунда - 16 миң 617, Ош облусунда - 55 миң 589, Талас облусунда - 18 миң 758, Чүй облусунда - 114 миң 585, Ысык-Көл облусунда - 15 миң 999 жаран арыз калтырган. Тышкы иштер министрлиги боюнча чет жердеги шайлоо тилкелеринде 1 миң 620 арыз түшкөн", - деди ал. 


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бу Бу
Бу дегени жарим Милон шайлоочу сатылды дегенди билдирет