БШК Жогорку Кеңештин эки депутаты Жунус уулу Алтынбек жана Данияр Төлөновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыздары бүгүн, 28-августта БШКнын жыйынында каралып, кабыл алынды.
Жунус уулу Алтынбек "Өнүгүү-Прогресс", Данияр Төлөнов "Кыргызстан" партиясынан болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн