Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы депутат Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратты. Бул тууралуу БШКнын отурумунда белгилүү болду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү No4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жыйынтыгы боюнча сот чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу маселесин карашты.
Белгилей кетсек, 18-августта Жогорку Сот эл депутаты Өмүрбек Бакиров шайланган No4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн