Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосун кайрадан өткөрүүнү талап кылган "Ак Бата" партиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров пикирин билдирди. Бул тууралуу 24.кг агенттиги маалымдады.
Анын айтымында, "Ак Бата" мандатынан баш тартса, калган партияларга бөлүштүрүлөт.
"Мыйзам боюнча Бишкек шаардык кеңешине 3төн кем эмес партия өтүүгө тийиш. "Ак Бата" партиясы мандатынан баш тартса, дагы төрт партия калат. Мандаттар калган партияларга бөлүштүрүлөт",- деди Шайназаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн