Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарын бузган талапкерлерге карата чара көрө баштады. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
БШКнын жетекчиси шайлоочуларды сатып алуу, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү жана башка талапкерлердин ар-намысына шек келтирген аракеттерге жол берилбей турганын баса белгиледи.
Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоолордун жүрүшү президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экени, ал шайлоолордун адилет жана ачык өтүшүнө өзгөчө маани берип жатканы айтылды.
«Үгүт иштери мыйзамдын алкагында гана жүргүзүлүшү керек. Эгер мыйзам бузуу фактылары катталса, талапкерди каттоодон алып салууга чейин катаал чаралар көрүлөт. Кол тийгис адам жок — баары мыйзам алдында бирдей», — деп билдирди ал.
БШКнын төрагасы шайлоо жараянынын бардык катышуучуларын мыйзамды сактоого жана жарандардын тандоосуна урмат менен мамиле кылууга чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн