Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 20:54:22
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

БШК шайлоого катыша турган партияларды аныктады

03.09.2020 21:44
1688
БШК шайлоого катыша турган партияларды аныктады


Борбордук шайлоо комиссиясы 2-сентябрда шайлоого катыша турган партиялардын тизмесин каттоо боюнча жыйын өткөрүп, “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”, “Замандаш”, “Бир Бол”, жана “Ата Мекен” саясий партияларынын тизмесин  каттоодон өткөргөн эле.


Бүгүн, 3-сентябрь БШКнын жыйыны уланып, төмөндөгү партиялардын тизмеси расмий түрдө каттоодон өттү:


"Мекен Ынтымагы”,

“Мекенчил”,

“Ыйман Нуру” ,

“Чоң Казат”,

“Реформа”,

“Республика”,

“Социал-демократтар”,

“Биримдик”,

“Мекеним Кыргызстан”,

“Ордо”,

“Кыргызстан”.


Маалым болгондой, БШК “Актив” жана “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын тизмесин каттоодон баш тартты.


Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ал эми шайлоо алдындагы үгүттөө иштери 4-сентябрда башталмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн