Бугу 06, 2024
Убакыт: 23:42
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

БШК төрага Талант Мамытовду шайлоого каттоодон баш тартты

25.10.2021 08:22
635
БШК төрага Талант Мамытовду шайлоого каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы "Ынтымак" саясий партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду шайлоого каттоодон баш тартты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалым болгондой, мындай чечимди БШКнын 10 мүчөсү колдогон. Анткени Талант Мамытов шайлоого катышкандыгы үчүн Жогорку Кеңештин төрагалык милдетин таштоого туура келет. Ал эми Мамытов бүгүнкү күндө төрага катары милдетин аткарууда.


"Парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин койгон саясий мамлекеттик кызматты ээлеген адам кызматын өткөрүп бериш керек болчу. Талант Мамытов кызматын өткөрүп бербегендиктен, Боршайком жумушчу топтун сунушун колдоп, аны каттабоо чечимин кабыл алды", - деп билдирди БШКнын мүчөсү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн