Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлигин көрсөткөн үч талапкерге документтери талапка жллп бербегендигине байланыштуу маалым кат берди. Бул тууралуу БШКнын бүгүнкү жыйынында маалым болду.
Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Нурлан Мотуевге маалым кат жөнөтүлгөн. Алардын соттолгондугу жоюлбагандыктан БШК ушундай кадамга барган.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн