Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшыруу өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрыла элек. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов 24.кг агенттигине билдирген.
Анын айтымында, Ташиев азырынча мандатын тапшыруу өтүнүчү менен кайрылган эмес.
"Эгер Шайырбек Ташиев мандатын тапшыра турган болсо, президент 30 күн ичинде жаңы шайлоо күнүн белгилөөгө тийиш. Бул учурда кайра шайлоо эмес жаңы шайлоо өтөт.
Мандатын тапшырган депутат кайра талапкер болууга жол берилбейт",- деди Бекматов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн