Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 19:19
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

БШКга башкаруу формасын тандоо боюнча мыйзам долбоору келип түштү

02.12.2020 12:47
629
БШКга башкаруу формасын тандоо боюнча мыйзам долбоору келип түштү

Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору келип түштү. Бул тууралуу  БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети мыйзам долбоорун БШКга корутунду алуу үчүн жөнөттү.

Бекматов белгилегендей, мыйзам долбооруна кошумча-алымча киргизүү үчүн БШКга документ келип түшкөн.

"Мыйзам долбоору үч маселени камтыйт: референдумду 10-январга белгилөө, бюллетенге президенттик же парламенттик башкаруунун кайсы формасын тандай турганын жазуу жана референдум өткөрүүнү өкмөткө тапшыруу", - дейт ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн