БШКнын имаратынын алдында шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп ачкачылык жарыялагандардын бири өзүн жаман сезип тез жардам чакыртылды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" билдирди.
Маалыматка караганда, ачкачылык жарыялагандардын биринин ден соолугу начарлап, тез жардам чакырылган. Тез жардам кызматкерлери аны ачкачылыгын токтотууну сунуштаган, бирок ал ачкачылыкты токтотуудан баш тарткан.
Эске салсак, 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунун жыйынтыгына каршы болуп 9 партия нааразылык акциясын өткөрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн