Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Түркмөнстанга июль айында келет. Бул тууралуу Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов “Коронавирус пандемиясына каршы туруу боюнча учурдагы кырдаалга баяндама” темасында өткөн брифингде билдирди.
Эске салсак, Түркмөнстан коронавирустан тазабыз деген дүйнөдөгү саналуу өлкөлөрдүн бири. Карапайым калкка ысырык менен сактанууну сунуштаган түркмөн бийликтери коронавирустун жоктугун өлкөдө медицинанын жогорку деңгээли менен түшүндүрүшүүдө. Бирок акыркы мезгилде Түркмөнстанда пневмония менен ооругандардын саны кескин өсүп жаткандыгы айтылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн