Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

БУУ Кыргызстан демилгелеген документти өзүнүн расмий документи деп кабыл алды

18.10.2022 10:32
435
БУУ Кыргызстан демилгелеген документти өзүнүн расмий документи деп кабыл алды

БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргызстан демилгелеген Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешменин жыйынтыктоочу документин өзүнүн расмий документи деп жарыялады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын 19-сентябрында Нью-Йорк шаарында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешме болуп өткөн. 


Бул иш-чара БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Кыргызстандын сунушу менен жарыяланган үстүбүздөгү Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын эң маанилүү окуяларынын бири болуп калды.


Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобуна кирген мамлекеттер билдирүү кабыл алышты. Кыргызстандын өтүнүчү боюнча БУУнун Башкы ассамблеясы Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешменин жыйынтыктоочу документин өзүнүн расмий документи деп жарыялады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн